У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Адахан Мадумаров: Силер чоӊ атаӊардын же таятаӊардын короосун бөлүп жаткан жоксуӊар


«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берлиши туурасында өз пикирин билдирди. Анын айтканына караганда, суу сактагыч турган 6 миӊ гектарга жакын жер түбөлүктүү Кыргызстанда болуп келген жана буга чейин маселе жараткан эмес. 
 
«Чек ара маселеси өтө опурталдуу, кыйын маселе. Ушул үч облустун тегерегинде болуп жаткан чыр-чатактар Өзбекстан менен Кыргызстандын, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы болуп жаткан талаш-тартыштар мыйзам ченемдүү көрүнүштөр. Бирок кыргыз бийлиги көтөрүлбөгөн маселени, башка тараптан көтөрүлбөгөн маселени көтөрүп өз баштарына өздөрү маселе үйүп жаткандары мага түшүнүксүз. Айрыкча өтө опурталдуу деген маселердин бири Кемпир-Абад маселеси. Кошуна мамлекет өзүнчө видеоролик жасап, аны эл аралык эс алуучу жайга айланатабыз, Кемпир-Абад Өзбекстанга өтүп кетти дегени туура эмес көрүнүш. Бул мамлекеттин эгемендүүлүгүн сыйлабагандык. Биринчиден ал маселе чечилген эмес, көтөрүлгөн да эмес. Эмне үчүн азыркы кыргыз бийлиги бул маселени кыстара койгону мага түшүнүксүз»,-деди ал. 
 
Акыркы убактарда бийлик «30 жылдын ичинде» деген сөздү модага айлантып алганын, 30 жылдын ичинде кыргыз тарап ал жерлерди берүүгө макул болбогону үчүн ушул маселелер чечилбей келгенин, кайдан-жайдан азыр эле акылдуу адамдар келе калгандай болуп, 30 жылдан бери чечилбей жаткан маселени биз чечебиз дегени акылсыздык экенин баса белгиледи.   
 
«Кошуна мамлекетке барганда жылуу -жумшак мамиле жасап койсо, өмүрүндө эч качан андай нерсени көрбөгөн немелер эстери ооп, биз болуп калган турбайбызбы дегендей маселе жаратып, бардык маселени биз чечебиз дешип жатышат. Жок, силер чече албайсыӊар, силерге чейин да чече алышкан эмес. Бул маселени жалгыз гана кыргыз эли чечет. Ошол жерде жашап жаткан карапайым калк чечет. Бул жерин алгыла, бул жери калсын дегендей силер чоӊ атаӊардын же таятаӊардын короосун бөлүп жаткан жоксуӊар. Кыргызстандын жеринин ээси жалгыз кыргыз эли. Кемпир-Абад маселеси менимче саясий маселеге айлантып жиберишкени ачыктан-ачык көрүнүп турат. Себеп, Өзбекстан тараптан бул маселе көтөрүлгөн эмес, муну биз тараптагылар жасакерленген сыяктуу болуп турат. Болгондо да өзгөчө кызматтын жетекчиси чек ара маселесин чечүүдө "Кое тургула Ташкенттен сурайын" дегени өтө жагымсыз көрүнүш. Бул биздин эгемендүүлүккө катуу сокку урулганы деп билем»,-деди Мадумаров. 
 
=]


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter