У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Июнь окуясы: Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө кылмыш иши козголду


 Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча тергөө ишин кайрадан баштады. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз борбору билдирди.
 
Маалыматка ылайык, июнь окуясын кайра тергөө президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча башталган. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин кызмат адамдарына карата козголгон 304-беренеси «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча кылмыш иши козголгон.
 
 2010-жылдын май-июнь айларында республиканын түштүгүндө трагедиялуу кесепеттерге алып келген себептердин бири болгон белгилүү Кадыржан Батыровдун республиканын чегинен тышкары тоскоолдуксуз мыйзамсыз чыгуусуна көмөктөшүү фактысы боюнча Убактылуу өкмөттүн кызмат адамдарына каршы иш козголгон.
 
«Сотко чейинки процесстин жүрүшүндө 2010-жылдын май-июнь айларында Ош жана Жалал-Абад облустарында башаламандыктардын чыгышына себеп болгон себептер жана шарттар иликтенет, Ошондой эле кайгылуу окуялардын алдын алуу боюнча тийиштүү чараларды көрбөгөн Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, күч структураларынын башчылары жана регионалдык деңгээлдеги чиновниктердин аракеттерине акыркы юридикалык баа берилет. УКМК бул кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшү жана жыйынтыктары, ошондой эле ал боюнча кабыл алынган процессуалдык чечимдер жөнүндө тез арада коомчулукка маалымдайт», - деп айтылат билдирүүдө.
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter