У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Райымбек Матраимовго козголгон кылмыш иши токтотулуп, камактан бошотулду


Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата козголгон кылмыш иши токтотулуп, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы жокко чыгарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 
 
Райымбек Матраимов жалпы аянты 232,3 чарчы метрди түзгөн, базар баасы 20 миллион сомдон ашык болгон батирин өз ыктыяры менен мамлекеттин кирешесине өткөрүп бергендиги көрсөтүлгөн.
 
«Райымбек Матраимов кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган жана камакка алуу түрүндө ага карата профилактикалык чара көрүлгөн. Бул сотко чейинки процесстин башталышына интернетте тараган “Азаттык Медианын” журналисттик иликтөөсүнүн материалдары, анын ичинде Матраимовдун Дубайда кымбат баалуу мүлккө ээ экендиги жөнүндө маалыматтар негиз болгон. Тергөө КМШ өлкөлөрүнүн, Европанын, Кытайдын, Түркиянын, Дубайдын компетенттүү органдарына Матраимовдун жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ушул өлкөлөрдүн аймагында кандайдыр бир активдердин болушу жөнүндө тиешелүү суроолорду жөнөттү. Компетенттүү органдардын расмий документтерине ылайык, Райымбек Матраимов жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн аталган өлкөлөрдө кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жок», - деди УМКК.
 
УКМК бул материалдарда журналисттер келтирген жүйөлөр тастыктала электигин белгилейт. Тергөө учурунда Райымбек Матраимов жана анын үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан Кыргызстандын аймагынан тышкары кандайдыр бир кыймылсыз мүлккө ээ болгон фактыларды тастыктаган эч кандай далилдер алынган эмес.
 
Эске салсак, Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 18-февралда кармалган. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ага карата УКМКнын СИЗОсунда эки айга камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын тандаган. Ага кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча айып тагылган.
 
 
 
 
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter