Сот Марат Казакпаевге карата эки айга камоо чечимин чыгарды
- 15.04.2021, 10:53,
- Башкы / Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
«Мамлекетке чыккынчылык кылган» деген айып менен кармалган саясат талдоочу Марат Казакпаев эки айга камакта калтырылды. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 14-апрелде чыгарды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Марат Казакпаев 13-апрелде кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал мамлекетке чыккынчылык кылууга шектелүүдө.