У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кытай элчилиги Бактияр Шакировдун өлүмүнө байланыштуу билдирүү таратты


 Кытайдын Кыргыз Республикасындагы элчилиги Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин башчысынын орун басары Бахтияр Шакировдун өлүмү тууралуу өз пикирин билдирди.  
 
«Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги бул маалыматты расмий түрдө четке кагып, Бахтияр Шакиров вакцинациядан өтпөгөнүн ачык айтты. Бахтияр Шакировдун өлүмү Кытайдын коронавирус вакцинасына байланыштуу эмес. Жеке адамдар фактыны тастыктабастан, социалдык тармактарда фейк жаңылыктарды негизсиз таратышкан, бул Кыргызстандын коомчулугунда терс таасирин тийгизген. Мындай иш-аракеттер Кытай менен Кыргызстандын достук мамилесине көлөкө түшүрүп тим болбостон, маркумга акаарат келтирет. Кытай тарап мындай жоопкерчиликсиз жана достук мамилени кескин айыптайт”, - деп айтылат билдирүүдө.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter