У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Дүйнөнүн жыйырма өлкөсү ачарчылыкка туш болушу мүмкүн

  
 Дүйнөнүн 20 өлкөсү азык-түлүк жардамына өтө муктаж, эгер бул маселе чечилбесе алар толук кандуу ачарчылыкка туш болушат. Бул эскертүү БУУнун эки азык-түлүк агенттиги: Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму тарабынан белгиленди. Бул тууралуу Бириккен Улуттур Уюму билдирди.
 
Йемендин, Түштүк Судан менен Нигериянын түндүгүнүн тургундары учурда ачарчылыктын алдында тургандыгы белгиленди.
 
Адистер ачарчылык коркунучуна туш болгон өлкөлөрдүн басымдуу көпчүлүгү Африкада жайгашкандыгына карабастан, бул көйгөй башка аймактар үчүн дагы актуалдуу экендигин белгилешет. Азиядагы Афганистан, Жакынкы Чыгыштагы Сирия жана Ливан, Латын Америкасындагы Гаити - бул жана башка мамлекеттер эл аралык коомчулуктун жардамысыз азык-түлүк тартыштыгын жеӊе албай турганын баса белгилешти.
 
Алардын айтканына караганда, дүйнөдөгү азык-түлүк тартыштыгы 34 миллион адамдын өмүрүнө коркунуч туудурууда. Элди ачарчылыктан сактап калуу үчүн азык-түлүк өндүрүшүн көбөйтүү керектиги айтылды. 
 
«Биздин көз алдыбызда трагедия болуп жатат, кагылышуулар, климаттык кырсыктар жана COVID-19 пандемиясы ачарчылык коркунучун күчөтүп, учурда миллиондогон үй-бүлөлөрдүн эшигин ачарчылык каккылап жатат», - деп эскертти Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын башчысы Дэвид Биасли.
 
Анын айтымында, ачарчылыктын алдын алуу үчүн тезинен согуш аракеттерин токтотуп, калктын аялуу катмарына гуманитардык мүмкүнчүлүк түзүп, быйыл ачарчылык менен күрөшүү үчүн зарыл болгон 5,5 миллиард долларды чогултуу зарыл.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter