У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Камчыбек Ташиев: Анклавдар кандай болсо ошондой калды-видео


 Бизде анклавдар боюнча эч кандай доомат болгон жок. Анклавдар маселеси эчак чечилген. Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын башчысы, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдирди. 
 
«Алар кандай болсо, ошол бойдон калышты»,- деди ал. Ал 24-25-мартта Ташкент шаарында өткөн Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө айтты.

Негизинен уккан адамга, чечилген маселеге караганда, кыйратып жатам өңүтүндөгү популисттик маанай байкалып турду.  Негизи Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы чечиле элек болгону 217 гектар жер калыптыр. Дээрлик 85% чек ара тилкеси экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда эле чечилген. Башкача айтканда, келишим боюнча тараптардын ортосундагы болжол менен 1400 км ортодогу чек аранын  85%и 1170 км аныкталган. Келишимге ошол кездеги Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга болгон расмий иш сапарында Өзбекстандын президент Шавкат Мирзиеев экөө 2017-жылы 6-октябрында кол коюшкан. Калган талаштуу 36 аймак же 217 км чек аранын аныкталышына карата иш-чаралар жүрүп жаткан. Эми ошол 217 гектар талаштуу жерди тактоодо Кыргызстандын кызыкчылыгы канчалык деңгээлде корголду кийинчерээк билинбесе, азырынча айтуу кыйын. Президент баш, премьер-министр төш болуп, УКМКнын төрагасы ат тезегин кургатпай Ташкентке каттап калышты, эмнеси болсо да Кыргызстандын кызыкчылыгы жерде калбай корголсо болгону.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter