У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жылдыз Жолдошева: Садыр Жапаровго эч кимдин баласына тийбе деп айтат элем…


 Бул тууралуу мурдагы Жогорку Кеӊештин депутаты Жылдыз Жолдошева фейсбуктагы баракчасына жазды.   Тести өзгөртүүсүз беребиз. 
 
«2010- жылдан баштап, Садыр Жапаровтун башына кандай оор күндөр өтпөсүн, мен жанында болдум. Ошондой эле «Ата -Журт» партиясынын башка мүчөлөрүнүн тагдырына да катуу көңүл бурдум... Бирөөсүн саткан жокмун, таштабадым, колуман келишинче колдоп келдим. Эч кимге милдет да кылган жокмун, кылбайм дагы.
 
Менин үй-бүлөм 2010- жылдан бери, куугунтук көрүп келет. Балдарымы, жолдошуму, ээлеген кызматтарынан бошотушкан...Бирок мен мамлекеттин, элдин тагдырына зыян келе турган маселелерде өз позициямдан, принцибимден, көз карашымдан тайбай келгем. Азыр да тайбайм.
 
Уулумду Аппарат Президенттин жетекчиси С. Касмамбетов 1.5 ай мурун, чакырып кызматка алышкан. Кечээ, мен "Өлкөдөгү саясий абал" деген конференцияда «Жерүй», «Камбар -Ата -1» маселеси боюнча өз оюму айткан соң, бүгүн уулуму жумуштан кетиришиптир.
 
Уулум, биздин үй-бүлө эмнени гана көргөн жок, силер сынбадыңар...менин саясий көз карашымы колдоп келдиңер, кандай гана кырдаал болбосун. Ал үчүн, мен Сиздерге ыраазымын. 
 
Ал эми, Садыр Жапаровко айтаар элем, эч кимдин баласына тийбе, мындай "пастыкка" барба деп.
 
Ал эми, мен тарабынан Садыр, Сага өз убагында айтылып жаткан чындыкты, Сен түшүнөсүң, экс-президенттердин кейпин кийгенде. Бирок, аттиң... кеч болуп калат.  Анткени алар да, өз убагында, менин жана башка күчтүү, таза саясатчылардын чындыкты айткан сөздөрүн, душмандын сөзүндөй кабыл алышкан...»,-деп жазды ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter