У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Президент Садыр Жапаров коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөйт


 Президент Садыр Жапаровго коронавирус инфекциясына каршы вакцина сайдыруунун кажети жок. Мындай пикирин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik агенттиги менен сүйлөшүп жатып билдирди.
 
Анын айтымында, Жапаров ооруп айыккан, мындан улам 9-9,5 көрсөткүчүндөгү антителосу бар.
 
"Ага вакцина сайдыруунун кажети жок, анткени реакция жүрүп кетиши толук мүмкүн. Президенттин организминде антитело иштелип чыккан. Мен муну медик катары да, саламаттык сактоо министри катары да айтып жатам", — деди Бейшеналиев.
 
 
Булак: Sputnik.kg


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter