УКМК Өмүрбек Бабановго карата козгогон кылмыш ишин токтотту
- 24.03.2021, 12:15,
- Башкы / Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жогорку Кеӊештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бабановго карата сотко чейинки өндүрүш токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.
Кылмыш иштерин тергөөнүн жыйынтыгы боюнча андан ары өндүрүштү токтотуу үчүн негизделген процесстик чечимдер кабыл алынгандыгы көрсөтүлгөн. Буга Өмүрбек Бабановдун мамлекеттин, юридикалык жактардын жана жарандардын кызыкчылыктарына зыян келтирген фактылардын жоктугу себеп болгон.
Ошол эле учурда Өмүрбек Бабанов өз ыктыяры менен 100 миллион сомду мамлекеттик бюджетке колдоо иретинде которот.