У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сапар Исаков: «Садыр Жапаров саясий репрессиялардын жолу менен кете турган болсо көпкө узабайт»


 Бул тууралуу мурдагы премьер-министр Сапар Исаков фейсбуктагы баракчасына жазды. 
 
«Бүгүн жаш активист Тилекматты “Фейсбук” баракчасына жарыялаган посту жөнүндөгү кылмыш иши боюнча Бишкектин Свердлов райсотунун чечими менен убактылуу тергөө абагына камашты. Сот имаратынан чыгып келатып, активист нараазылык иретинде ачкачылык жарыялай турганын билдирди.
 
Ал болгону жаңы Конституция жана өлкөдөгү болуп жаткан окуялар туурасында өз пикирин билдирген эле. Ошол эле маалда бийлик коррупцияга шектелген жана колунда жетишерлик финансы каражаттары бар адамдарды оңой эле үй камагына чыгарууда. Блогерлерге, активисттерге, чындыкты сүйлөгөн саясатчыларга болсо, таптакыр башкача мамиле жасалууда.
 
Садыр Жапаров үчүн эгерде ал өлкөдөгү сот-укуктук чектен чыгуучулукту токтотпосо, жаш активисттин камалышынын аягы жаман, өкүнүчтүү бүтүшү толук мүмкүн. Мурдакы президенттердин тушунда ойдон чыгарылган жасалма кылмыш иштерин ачып көнгөн УКМКнын тергөөчүлөрү, прокурорлор жана соттор бүгүн Садыр Жапаровду да аңга түртүшүүдө.
 
Тилекмат жана анын жакындары абакта отурганда Жапаровду колдоп келишкен, аны акыйкат үчүн күрөшүп жатат деп эсептешкен. Эми болсо УКМК Тилекматтын өзүнө каршы иш козгоп отурат.
 
Эгерде Садыр Жапаров саясий репрессиялардын жолу менен кете турган болсо анын деле күнү саналуу болот, көпкө узабайт. Ошондо күч түзүмдөрүнө ашкере ишенгенине абдан өкүнүп калышы турган кеп. Муну токтотууга азыр деле кеч эмес! Ал эми Тилекматка мен чыдамкайлыкты жана чындыктын жеңерине ишенүүнү каалайм!
 
КРнын экс премьер-министри Исаков Сапар Жумакадырович»,-деп жазды ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter