У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Газпром» Кыргызстанда чыгымга учуроодо. Жогорку Кеӊеште газга болгон баа каралууда

 
 Кыргызстандагы «Газпром» компаниясынын жоготууларын Россия жабат. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын экономика жана каржы иштери боюнча башкы директорунун орун басары Арзымат Алдаяров Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстандагы газдын кымбаттыгы жөнүндө суроого жооп берип жатып билдирди.
 
Анын айтымында, Кыргызстанда иштеген алты жылдын ичинде компания 5,5 миллиард рубль өлчөмүндө чыгым тарткан. 
 
«Бир дагы тыйын пайда жок. Россия тарап өз милдеттенмелерин аткарат жатат», - деди Арзимат Алдаяров
 
Депутат Бейшеналы Нурдинов Россия Кыргызстанга эмес, газ сатуу үчүн өз компаниясына инвестиция салып жаткандыгын белгиледи. 

«Эгерде пайда жок болсо, алар Кыргызстандан чыгып кетишет. Бул биз үчүн пайдалуу. Ал эми газды Өзбекстандан, Түркмөнстандан алсак болот ”, - деп жооп берди эл өкүлү.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter