Ишкерлер С.Жапыкеевге каршы көрсөтмө беришкен. Ал жакында камалабы?..
- 04.02.2021, 12:43,
- Башкы / Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Айрым ишкерлер Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө бергени айтылууда. Бул тууралуу Vesti.kg укук коргоо органдарындагы өздүк булактарына таянып жазды.
«Жакында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (Финпол) төрагасы Сыймык Жапыкеев камалышы мүмкүн. Айрым ишкерлер буга чейин Финполдун башчысына каршы пара талап кылуу жана ири суммадагы пара алуу фактысы боюнча көрсөтмө беришкени көрсөтүлгөн », - деп айтылат маалыматта.