У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бакиевдин заманы келдиби, свет байма-бай өчүрүлүүдө…


Быйыл свет Бакиевдин кезиндегидей байма-бай өчүрүлө баштады. Албетте, 5-8 сааттык өчүрүүлөр баардык аймактарда катталууда. Байкаган адамга атайын график боюнча өчүрүлүп жатат десек болот. Бирок атайын өчүрүүлөр болуп жатканы боюнча Өкмөт үн каткысы жок. «Түндүк электро», «Чыгыш электро» баштаган бир катар энергокомпаниялар светтин өчүрүлүшүнүн себебин ремонт, авария деген негиз менен түшүндүрүү аракетин көрүп жатышат. 

Анткени быйыл суу аябай эле аз. Мына «Токтогул» суу сактагычынын сыйымдуулугу - 19 млрд. кубометр сууга ылайыкталса, азыр анда болгону 13 млрд. куб гана суу топтолгон. «Электр станциялары» маалымдагандай өлкөдө электр энергиясынын колдонулушу 70 млн. кВт/с жетсе, ал эми күнүнө иштелип чыккан электр энергиясы 60-61 млн. кВт/с араң жетүүдө. Демек, электр энергиясын экономдо максатында авария, ремонт деген шылтоо менен жер-жерлерде свет 5-8 саатга чейин өчүп жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter