Мунарбек Сайпидинов мамлекетке бир миллион сом төлөдү
- 14.01.2021, 12:24,
- Башкы / Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов келтирилген зыянды мамлекетке кайтарып, үй камагына чыгарылды. Чечимди Ош шаардык соту кабыл алды. Маалым болгондой, сот шектүүнүн үй-бүлөлүк абалын, туруктуу жашаган жерин, ошондой эле буга чейин 1 миллион 33 миң 700 сом төлөп бергендигин эске алган.
Сайпидиновго эки ай бою саат 22: 00дөн 6: 00гө чейин үйдөн чыгууга тыюу салынат.