Экс-премьер-министр Кубатбек Боронов суракка чакыртылды
- 11.01.2021, 18:40,
- Башкы / Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Мурдагы Өкмөт башчысы Кубатбек Боронов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматына суракка чакыртылды. Бул тууралуу аталган органдан билдиришти.
Алдын ала маалыматтарга караганда, Кубатбек Боронов пандемия учурунда Өкмөткө келип түшкөн гуманитардык жардам боюнча жооп берет.
Бирок Финансы полициясы азырынча сурактын чоо-жайын ачыкка чыгарган жок.
Эске салсак, 2020-жылдын октябрь айында Финполиция коронавирус пандемиясы учурундагы гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшү боюнча кылмыш ишин козгоп, мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев камакка алынган.