Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышпашы керек…
- 09.12.2020, 14:40,
- Башкы / Саясат / Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бүгүн, 9-декабрда Адахан Мадумаров, Канат Исаев, Мамбетжунус Абылов, Ишенбай Кадырбеков, Бектур Асанов Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышпашы керектигин айтып чыгышты.
Бул туурасында Канат Исаев:
«Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып турганда өзүнүн кадрларын Башкы прокуратурага, УКМКга жана Президенттин аппаратына дайындаган. Бул ансыз деле башка талапкерлерге бирдей шарттарды түзүп, шайлоо жараянынын объективдүүлүгүнө шек туудурат. БШКдан Садыр Жапаровду каттоодон өткөрбөөнү талап кылабыз», – деп билдирди.
Адахан Мадумаров Исаевдин сөзүн колдоду. Анын айтымында, буга чейин коомдук ишмерлерден жана талапкерлерден БШКга кайрылуу келип түшкөн.
Садыр Жапаров расмий түрдө кызматтан кетип расмий түрдө ыйгарым укуктарын өткөрүп берген жок. Убактылуу гана токтотулган. Бул одоно мыйзам бузуу, деп билдиришти маалымат жыйындын катышуучулары.