У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Акылбек Жапаровго тиешелүү «МИС» компаниясы 90 млн сом салык төлөбөй келгени айтылды

 
Жогорку Кеӊештин депутаты Акылбек Жапаровго тиешеси бар деп саналган “МИС” (Машина сыноочу станция) компаниясы 90 миллион сом салык төлөбөй келгени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, 30-октябрда Ысык-Ата районундагы өнөр жай, соода жана айыл чарба багытындагы 30га жакын кыймылсыз мүлккө ээ болгон “МИС” компаниясы камсыздандыруу төгүмдөрү жана башка социалдык төлөмдөр боюнча милдеттүү төлөмдөрдү төлөбөгөндүгү аныкталды. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 90 миллион сом зыян келтирилген.
 
 “МИС” ачык акционердик коомунун эки негизги акционери бар. Алар “E.C.L.” деп аталган оффшордук компания жана Ж.А.Б. аттуу кыргыз жараны. Ж.А.Б. аттуу жаран депутат Акылбек Жапаровдун жубайы экени айтылууда. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter