Сыймык Жапыкеев: "Жээнбековдорго, Матраимовдорго, Абылгазиевге кылмыш иши козголду"
- 08.10.2020, 13:15,
- Башкы
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Өзүн Башкы прокурор деп жарыялаган Сыймык Жапыкеев Жээнбековдордун, Матраимовдордун кланына жана Абулгазиевге кылмыш ишин козгонун билдирди.
Анын айтымында, аларга бир катар статья менен кылмыш иши козголгон.
«Биз буюрса, бул иштин аягына чыгабыз. Кландык башкарууга жол бербейбиз. Бийликти жаштар жасады. Билимдүү, таза жаштар бийликке келиши керек. Азыр баары кыйын болуп, баары бийлик талашып жатат. Мындай болбойт, биз ага жол бербейбиз»,-деди Жапыкеев.