Тилек Матраимов кармалды
- 07.10.2020, 22:01,
- Башкы
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Тилек Матраимов туугандары менен кыргыз- өзбек чек арасынан кармалганы айтылды. Бул маалыматты Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Субаналиев тастыктады.
Маалыматка ылайык, Тилек Матраимовдун жанында баласы, иниси, жеке жан сакчысы болгон. Алар кыргыз-өзбек чек арасынан мыйзамсыз өткөн. Учурда Тилек Матраимов Өзбекстандын аймагында, жакын арада Кыргызстанга өткөрүлөт.
Тилек Матраимов Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иниси.