У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бийлик Садыр Жапаровдун колдоочуларынан чочулоодо


Ички иштер министрлиги митинг учурунда мыйзамга каршы иш кылып, абалдын туруктуулугун бузууга аракеттенгендер катуу жазага тартыларын эскертти. Маалыматка ылайык, коомдук коопсуздукту сактоо боюнча ыкчам штаб түзүлүп, иш планы иштелип чыккан.

ИИМ бул туурасында: «Ички иштер органдары бардык мыйзамга каршы келген иш-аракеттердин жолуна бөгөт коёт. ИИМ баарына бирдей мамиле кылат жана саясий маселелерге катышпайт, ошол эле мезгилде мыйзамды бузгандарды көз кырына алып, мыйзам чегинде кескин чара көрөт», - деп эскертти.

Камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлери Ала-Тоо аянтында 2-мартта нааразылык акциясын өткөрүшөөрүн жар салышкан. Акция саат 1де башталат. Алар саясатчыны эркиндикке чыгарууну талап кылышарын билдиришкен.

Абактагы Садыр Жапаров 1-мартта тарапташтарына жазуу түрүндө кайрылуу жолдоп, анда митингге чыгуунун кажети жок экенин белгилеген. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter