У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Президент Жээнбековдун сөзү чымын чакканчалык болбоптур…


УКМК тарабынан 2018-жылы пара менен кармалган Бишкек шаардык Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин экс-директору Насыр Алмаматовду бошоткон судья Кымбат Архарова кызматтан алынбай, жаза сөгүш берүү менен чектелиптир. 
24-январда Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков бул иш боюнча Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов менен Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны «былтыйып отурасыңар» деп сындаган.
Өлкө башчысы сөз ага тийип жатканын белгилеп: "Алмаматовду кантип бошотуп жибердиңер, ушундай соттор кантип иштеп жүрөт?", - деп сынга алып, абдан таң калган эле. Жыйынтыгы бул. Демек, президенттин сөзү суу кечпей жатат. Эч ким чымын чаккандай көргөн жок. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter