У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Президент Жээнбеков жыландын башын чыгарды...


Кечээ президент Сооронбай Жээнбеков 20-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сүйлөп жатып, шайлоону өлкөдөгү тынчтыкка кедерги тийгизбей, инвестициялык климатка залал келтирбей өткөрүүгө аракет көрүлөрүн айтып, коомдун ачыктыгынан пайдаланып жеке кызыкчылыгын жалпы элге таңуулагысы келгендер бар экенин билдирди. 

Бул туурасында: “Тигил же бул маселени кысым көрсөтүү, ультиматум жолу менен чечүүгө аракет кылгандар да бар. Дагы бир жолу баса белгилеп айтып коеюн - бардык маселе укуктук негизде чечилет. Тынчтыкты бузууга батынгандардын аракети мыйзам алкагында сөзсүз өз баасын алат”, - деп эскертти. 

Минтип күн мурун көзүӊөрдү ачкыла дегендей ишарат кылып, коӊгуроо кагып жатканында мандем бар. Сыягы, “биз бата берген партиялар Жогорку Кеӊешке келет, ким нааразы болуп, митинг-пикет акцияларын уюштура турган болсо бирди к­өрөт” - деп, жыландын башын чыгарып жатат окшойт. Бирок к­өтөрүп турган асманын таштап жиберсе да, кыргыз эли акыйкатсыздык орун алса, жамбаштап жатпасын президент да эсинен чыгарбоого тийиш... 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter