У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Салтанат Шекенова, ырчы: "Элдин сыны мени сындыра албайт"

  • 09.03.2020, 14:03,
  • ---
  • 0




- Салтанат, байкашымча убактыӊдын көбүн соцтармактарга сүрөт жүктөөгө бөлөт окшойсуӊ?
- Туура, менин күнүм инстаграм менен бирге өтөт   десем жаӊылышпайм. Эртеӊ менен уйкудан ойгонорум менен инстаграмды барактайм. Андан кийин бир аз жумуштарымды бүтүрө салып кайра эле инстаграмга баш багам.  Кыскасы, кайда жүрбөйүн инстаграмды  барактабай тура албайм. Жумуш учурунда да бир жолу барактап, керек болсо сүрөт жүктөп, өзүм жөнүндө кыскача бир нерсе жаза салам. Эми азыр баарыбыз эле соцтармактарда жашап калбадыкпы. Жумуштардын баары интернет аркылуу бүтөт. Маалымат аласыӊ, коомдо болуп жаткан окуялардан кабардар болуп турасыӊ. Менимче, соцтармактар  бизге азыр абдан керек жана чоӊ жардамы тийип жатат. 

- Сенин  ачык, кыска кийнгениӊди сындагандар аябай эле көп экен, андай сын айткандарга кандай жооп айтасыӊ?
- Башынан эле жарашыктуу, кыска кийимдерди кийип көнүп калгам. Кыска, ачык кийингеним өзүмө билинбейт. Тескерисинче, узун кийимдерди кийигенде ыӊгайсыз болуп, жүдөп кетем. Ал эми сын айткандарга эч кандай жообум жок. Бишкектеги жаш кыздардын теӊинен көбү мендей эле кийинишет. Керек болсо кыска кийген эжелерди, апаларды көргөм. Алардын жанында бизге жарашат го дейм. Азыр жашмын, кандай кийинсем да  жарашат. Жашоо меники аныктан өзүм каалагандай кийинип, каалагандай жашаганга укугум бар. Сындарга көӊүл бура берсеӊ, жашооӊ караӊгы болуп кетет.   Кыскасы, элдин сыны мени сындыра албайт. Кандай жашагым келсе ошондой жашайм. 

- Спротзалда жүргөн сүрөттөрүӊдү көп жарыялайсыӊ,   сырткы келбетти сактоо  үчүн спорт клубдарына барып турасыӊбы?
- Азыр биз өзүбүзгө кам көрүп, келбетибизди келишимдүү алып жүрүшүбүз керек деп билем. Сахна адамы болгондон кийин келбет чоӊ роль ойнойт эмеспи. Дайыма келишимдүү болуп жүрүш үчүн атайын спорт клубдарга барып көнүгүүлөрдү жасап турам. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter