У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстандын дзюдочу кыздары Азиянын ачык чемпионатына сапар алышты


Дзюдо боюнча Кыргызстандын кыздар курама командасы Азиянын ачык кубогу мелдешине катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Мелдеш 13-14-март күндөрү Казакстандын Актау шаарында Турар Жолдыбаевдин элесине арналып өткөрүлөт. Аталган турнирде 8 өлкөдөн 200дөн ашуун балбан кыз күч сынашат.
Кыргызстандын командасынан төмөнкү спортчулар кетишти:
  1. Жанар Жолдошева, спорт чебери (48 килограмм);
  2. Айсулуу Мусакунова, спорт чеберине талапкер (48 килограмм);
  3. Сауле Алмазова, спорт чебери (52 килограмм);
  4. Ксения Бельдягина, спорт чебери (57 килограмм);
  5. Адина Көчкөбаева, спорт чебери (57 килограмм);
  6. Ажар Исаева, спорт чебери (63 килограмм);
  7. Айжан Кадырбекова, спорт чебери (63 килограмм);
  8. Нагира Сарбашова, эл аралык даражадагы спорт чебери (78 килограммдан жогору);
Дзюдочу кыздарды улук машыктыруучу Тахмина Назармухамедова жетектеп кетти.
Белгилей кетсек, балбандар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын негизги республикалык жана эл аралык мелдештердин календарлык планына ылайык жөнөтүлдү.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter