У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Министр Амангелдиевдин жоопкерчилиги каралабы, же сүттөн акпы?


Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев мамлекетке 130 миллион сом зыян келтирди делген айып менен коррупцияга шектелип эки айга камалды. 

Самаев өзүнө коюлган айыптарга макул эместигин билдирип: "2018-жылы жылуулукка кошулган үйлөр экен. Менин кандай күнөөм бар?", - деп айтты. 

Демек, эми бардык архивдик документтер тыкыр текшерилсе, үйлөрдү кимдер мыйзамсыз жылуулукка кошкон деген жиптин түйүнү мурдагы мэрге барып такалат. 

Тактап айтканда, ал кезде мэр азыркы Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев болчу. Демек, акыйкат иликтөө жүрсө, Амангелдиевдин жоопкерчилиги калкып чыгаары турган иш. 

Чынында, кимдин тиешеси болсо ошол жоопкерчилик тартышы керек эмеспи. Айран ичкен кутулуп, аяк жалаган тутулат болгон мыйзамга сыйбай калат го...

Самаев ак жеринен саясаттын курмандыгы болбош керек. Кылгылыкты кылып, кыл жип менен буугандар жооп берүүгө тийиш.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter