У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жетим-Тоо казылса, андан кийинки кезек Сандык алюминий кенине жетеби?


Кумтөрдү алсак эле ит аягыбыздан бери алтын болуп, май көл, сүт көлдө жашап калчудай болгон ырдын обону бүтүп, эми Жетим-Тоо кайрыктары башталды. 

Кумтөрдөн кандай пайда көрдүк, канча алтын казылды баары жашыруун. Анан жаңы казыла турган Жетим-Тоо боюнча баары ачык-айкын болот дегенге ким ишенет? Образдуу айтканда, маймылга граната карматкандай эле болот...

Баягы эле көз боёгон, карыз, экономиканы бетке кармаган жөө жомокко эл ишене турган болсо, анда иштин бүткөнү ошол. 
Дегеним, Жетим кырка тоосунун узундугу 120 км, туурасы 24 км түзөт. Эгер казыла турган болсо мына ушул сууга мол, жаратылышы кооз өрөөндүн иче-карды чубалып жатып калат. 

Эгер Жетим-Тоо казылса, иш аны менен эле токтоп калбайт. Андан кийинки кезекте Жумгал, Кочкор районунда жайгашкан Сандык керемет жайлоосундагы алюминий кенин казууга жол чабылат. Себеби, Жетим-Тоо менен Сандык алюминий кенин иштетүү маселеси Бакиевдин учурунда Максим Бакиев тарабынан Кытайларга сатылып, 2010-жылдагы революцияда мамлекетке кайтарылган. Анан бул маселе Садыр Жапаровдун бийликке келиши менен кайра көтөрүлүп жатат. Жапаровдун командасындагы таасирлүү экинин бири болгон Эдил Байсалов менен Максим Бакиевдин тыгыз байланышта экендиги боюнча сын-пикирлерди эске алганда, шамал кайдан согуп жатканы түшүнүктүү болуп турат.

Арийне, Жетим-Тоону казалы, казылбасын болуп коом жакында эки бөлүнөт окшойт. Өзгөчө жергиликтүү эл эки жаатка бөлүнүп калуу коркунучу бар... Анткени жергиликтүү элди сатып алуу, коркутуу механизми сөзсүз иштейт. Жетим-Тоого каршы болгон Илгиз Шаменовдун машинасынан граната табылып жатканы жөн эле көрүнүш эмес. Бул каршылык көрсөткөндөргө карата эскертүү. Баягы, Жаныш Бакиев Медет Садыркуловго кулак, сөөмөй жиберген окуянын бир түрү. Жыйынтыгында Садыркуловдун тагдыры кандай болгонун жакшы билебиз. 

Учурда маалымат саясатын жүргүзүү үчүн оңбогондой каражат бөлүнүп жатат. Жакында Жетим-Тоону казуу, иштетүү боюнча дирекция түзүлүп, расмий ишке кирет. Бүгүнкү күндө ошол дирекцияга барчу адамдар тарабынан уюштурулган журналисттерден, блогерлерден турган топ маалыматтык манипуляция этабындагы ишти катуу башташты. Албетте, натыйжасы кандай болот азырынча айтуу кыйын? 

Бүгүнкү күндө Жетим-Тоонун иштешин жактагандар, пиарлагандар экологиялык нормалар так сакталып, ТЭОсу кынтыксыз иштелип чыгат, 100 пайыз мамлекет ээлик кылып, кийин лицензияны пулдап жиберишпейт, түшкөн каражаттын кайсы бир бөлүгүн Нарын областынын экологиясын өнүктүрүүгө жумшалат, Кумтөрдү Бөлтүрүккө окшоп жабык кармагандай көрүнүш болбойт, ачык, бир тыйынына чейин элдин көзөмөлүндө иш жүрөт, көз будамайламай, коррупция такыр болбойт, экология көздүн карегиндей сакталат деп кепилдик бере аласыңарбы? Жок, кепилдик бере албайсыңар? 

Болбосо руда түрүндө Кытайга ташып сатабыз. Биздин иштеткенибиз ошол. Кытай 6 металлургия комбинатын куруп коюп Жетим-Тоонун ачылышын күтүп отурат деп ачык айткыла элге...

Жок, руда түрүндө сатпайбыз, өзүбүз кыйратып иштейбиз десеңер, Жетим-Тоону иштетиш үчүн Тенгиз Бөлтүрүк "2 млрд доллар керек" деп айткан акчаңар барбы?Металлургиялык комбинат куруш керек. Бир тыйыныңар жок кантип курасыңар? Мына Кумтөрдү алдык деген менен сырттан дээрлик 1 млрд долларга жакын карыз алып койгон бийлик, акчаны кайдан табат? Кытайлар берип жатса, аны дагы ачыктагыла эл билсин?..

Алмаз Темирбек уулу


Пикир калтыруу
  • Nkxkjr
  • 26-11-2022, 00:30
  • : 00:30
    • Нравится
    • 0
order levaquin sale oral levofloxacin 250mg
Best site cialis comprar cialis comprar cialis cialis
t.me/prostoprosport_tg Наиболее свежайшие новости спорта на 2023 году. Подписывайся сверху наши соцсети и еще держи еще больше инсайдов и предиктов соседных событий. Бесславные новости в безмятежности футбола, хоккея и еще тд. t.me/prostoprosport_tg
gymzenchiks.vn.ua Тренажерные залы вместе с профессиональными тренажерами оптимальных добрых маркий: Precor, Being Fitness, Leading man Record lose, Hammer, TechnoGym. www.gymzenchiks.vn.ua
  • zensho
  • 12-09-2023, 12:52
  • : 12:52
    • Нравится
    • 0
мостбет юа Пролетарое зеркало Mostbet чтоб реализовать холл на официльный сайт при блокировке. Уместитесь на челкогляделка Мостбет прямо сейчас. мостбет вход
avtosalon-bmw.dp.ua/bmw-6-series-gran-turismo-overview-2020 Ваша милость в силах купить новь экстрим-спорт БМВ пригодной комплектации равным образом сопоставить цены. avtosalon-bmw.dp.ua/bmw-x5-m-competition-2019-teh-har
https://toptoursferaro.com/ Most time after time, programs of daytime activities group bracket visits to particular cultural and historical monuments, theaters and zoos. www.toptoursferaro.com
getexperience.com/spain-barcelona Популярные туры из выездом. Гиды высокой квалификации (а) также комфортные автобусы. getexperience.com/canada
transferairportnizenche.com/en/directions/france/brest/airports/brest-bretagne Book hackney transfers from airports, discipline stations and hotels encircling the world. Fix price. 13 car classes. Engage online. transferairportnizenche.com/en/directions/israel/tel-aviv
cazinouri-online-in-romania.com 10 most qualified online casinos owing actual cold hard cash: high point 10 ranking 2023. cazinouri-online-in-romania.com/
transferairportesfgrdt.com/es/directions/germany Adequate transfer to and from the airport in any homeland of the humankind from the germane to broker. Trained advantage of excessive level at fair to middling prices. transferairportesfgrdt.com/es/directions/kyrgyzstan/bishkek
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter