У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тынчтык Алтымышев: «Мен күбө болгон чындык. Басыгы ыкчам, багыты бар, Бакыт Эргешевич!»


Кудайдын куттуу ЖУМА күнүндө мен көптөн бери тааныган Бакыт Төрөбаев тууралуу жазып коеюнчу. 

Өткөндө мессенжерден бир тийип, "Бакыт Эргешович айыл чарба, импорт, экспорт, өндүрүштү сиз карайсыз да. Эмне иш болуп жатат? Бизде бир маселе бар, Кыргызстанда жыл сайын 400 млн.сомдон ашык акчаны талаага чачып, өрттөп жатабыз. Бул экономикалык да экологиялык да зыян апкелүүдө. Палан - төлөн..." деп уруп бараттым.

 - Ой Тынчыке, сабыр кыл, деги эмне жөнүндө айтчы, - дейт. 

- Жүн жөнүндө, - дедим да, Кыргызстанда жүн батпай, иштетилбей, өрттөлүп жатканын, дүйнөдө пахта кымбаттап, нефтинин баасынын жогорулашынан синтетика да кымбаттап, жеңил өнөр жайы чийки сырье катары жүнгө күнү түшүп, дүйнөдө жүн кымбаттап жатканын саймедиреп, alibaba, amazonго кире калып, жүндүн бааларын скриншот кыла салып жибергенге үлгүрдүм. Артынан бул боюнча адистешкен ишкерлерге өкмөт тарабынан субсидия керектигин, жүндү жууп даярдап экспорттоочу завод КОВИДдин айынан токтоп турганын кошумчаласам, окуду да дароо эле, "келгилечи, азыр мага!" деп жиберди. Үчөөбүз уруп бардык. Кечки саат 18:00.

Кирип эле жүн боюнча, завод боюнча, экспортко даярдалып бирок сыртка чыкпай жыйылып жаткан 500 млн.сомдук жүн боюнча үчөөбүз үч жактан "дапылдатып" кирдик. Бакыт Эргешевич бизди алмак салмак карады да, саатын бир карап, "жүргүлөчү, ошерден сүйлөшөлү, миң уккандан бир көргөн", - десе болоб?!

Биз ШОК... Кечки 7де Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары баардык ишти жыйыштырып, жүн заводго жөнөдүк. Реакциясына тан бердим! 

Завод 40 мүнөттүк жол. Виценин машинасына отуруп жол баштап баратам. Кайсы маалда тапшырма бере салганын билбейм, артыбыздан өкмөттүн тиешелүү бөлүм башчысы, мамлекеттик банктардын башчылары, бажы, индустрия тармагынан жетекчилер 1000км/ч менен айдап эле учуп келип калышты.

Кеч күүгүмдө заводду кыдырып чыктык. Бир чети бизнесте жүргөн кишинин жакшы жери бар экен. Тиешелүү суроолорду жаадырып, заводдогу али "апкаткасы" чыга элек жабдууларды өзү текшерип, кампа толгон жүндөрдү кармап, тытып, анан баарын тизип туруп, МАСЕЛЕНИ КАБЫРГАСЫНАН койду!

 - Эмне деген эмгек?! Пандемия болбогондо бул жигиттер ак ниетинин пайдасын көрмөк экен. 100дөн ашык жумушчу орун болмок, экспортко миңдеген тонна сырье чыкмак. Балким, ушул жерден жүн боёлуп, ийрилип, жип болуп, өзүбүздүн жүздөгөн швеяларды камсыздамак, бир тонна жүн сатканча 100 кг.жип кылып сатса баасы кандай актамак?! Биринчи тапшырма - даяр ак жүндү сырта экспорттоого жол ачып берели. Экинчи тапшырма - кара, көк, боз жүндү кайра иштетүүнүн алгачкы этабынан өткөрүп, Россия баштаган суроо талап жогору жактарга чыгаруу үчүн элден жүн алууга, заводду запуск кылууга каражат карайлы. Кандай жол менен беребиз, күрөөсүн кандай кылабыз, балким, биз мамлекеттик банктардан насыя алгандар менен жүндү бартер кылып иштейбиз, айтор, мага бир канча варианттарды даярдагыла! ТИМ аркылуу сырткы өлкөлөргө сапатуу жүн сырьесун алуучуларга жол ачалы, бажы барьерлерин чечели!, - деп баарын шарт чечти. 

КЫСКАСЫ, бир жетекчинин бир эле ыкчам аракетти 3 жылдан бери токтоп турган бир ири өндүрүшкө жан киргизгени турат. 1,5 сааттык убакыт ичинде. Бул мен күбө болгон, ашык-кеми жок чындык. Ар бир жетекчи ушундай иштесе эле өлкө өнүккөн турат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter