У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


УКМК мурдагы билим берүү министри Чынара Жакыпованы суракка чакырды


Мурдагы билим берүү министри Чынара Жакыпова Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) оозеки чакыруу алганын Фейсбуктагы баракчасына жазды. 

Ал бул тууралуу: “Мага эки жигит келип, эртең (17-июнь) саат 15те кылмыш иши боюнча УКМКда барышымды эскертишти. Бирок кайсыл кылмыш иши экенин айтышкан жок. Документтерин да жөндүү көрсөтүшпөдү. Эртең чакыруу кагазы болорун айтышты”,- деп билдирди.

Коомдук ишмер, мурдагы билим берүү министри Чынара Жакыпова "Сорос Кыргызстан" фондунун алгачкы жетекчиси болгон.
2-июнда "Сорос Кыргызстан" фондунун учурдагы директору Шамил Ибрагимов да УКМКга тергөөчүсүнө чакыртылып, ага фонд отурган имарат боюнча суроолор берилгенин айтып таӊ калганын билдирген болчу.

"Сорос Кыргызстан" фонду Кыргызстанда 1993-жылдан бери иш алып барат. Фонд жети тематикалык тармакта гранттарды берет. Алар - коомдук саламаттыкты сактоо, билим берүү, укук, жарандык катышуу, массалык маалымат каражаттарын өнүктүрүү, санариптешүү, изилдөө багыты.
 
1993-2018-жылдар аралыгында аталган багыттарда ар түрдүү жергиликтүү уюмдарга жалпы 98 миллион 800 миң доллар грант берген. Бөлүнгөн гранттардын 39% саламаттык тармагына берилүүдө. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter