У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Унаанын терезесин мыйзамсыз караӊгылатууга 22 миӊ сом айыппул салынат

 
Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу үчүн айыппул салынат. Айыппулдун көлөмү жеке жактарга 22 миң сом, юридикалык жактарга 40 миң сом болот. Бул тууралуу Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, унаасынын айнегин мыйзамсыз караңгылаткан айдоочулардын жоопкерчилиги күчөтүлөт.
 
«Айыппулдар Кылмыш кодексинин 194-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык салынат. Ошондой эле, унаалар айып унаа токтотуучу жайга коюлат», - деп билдирди мекемеден. 
 
Патрулдук милиция айдоочуларды жол эрежесин сактоого жана мыйзам бузбоого чакырат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter