У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Энергетика тармагындагы реформаларга 14 миллиард доллар керектелет


Алдын ала эсептөөлөр боюнча, сунушталган реформаларды ишке ашыруу жана энергетиканы өнүктүрүү стратегиясынын долбоорундагы артыкчылыктуу инвестициялар 2030-жылга чейин болжол менен 14 миллиард долларды талап кылат. Бул тууралуу Бишкек энергетика форумунда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
 
Анын айтымында, өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалынын 70 пайызга жакыны ишке ашпай калууда. Маселени чечүү үчүн министрлер кабинети 2030-жылга чейин кубаттуулугу 6 гигаватттан ашык гидроэнергетиканы өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу долбоорлорду аныктады.
 
«Жакынкы арада Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушу башталат. Суу сактагычтын көлөмү да 6 миллиард куб метрге чейин көбөйөт. Эгерде Токтогул ГЭСине салыштырмалуу Камбар-Ата ГЭС-1 электр энергиясын 1,5 эсеге көп өндүрөт”, - дейт Акылбек Жапаров.
 
Ал өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү жана потенциалдуу инвесторлорду өкмөттүн пландарын биргелешип ишке ашырууга чакырып, тыгыз кызматташууга жана конструктивдүү сүйлөшүүлөргө толук даяр экендигин белгиледи.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter