У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Министр: Кыргызстанда күйүүчү май менен камсыздоодо коркунуч бар


Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоодо коркунуч бар. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта министрлер кабинетинин антикризистик чараларга арналган жыйынында каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди.
 
Анын айтымында, маселени чечүү үчүн өлкө бюджетинен 2 миллиард сом бөлүү пландалууда. Бул каражат нефтетрейдерлерге күйүүчү май сатып алуу үчүн бөлүнөт.
 
«2022-жылы үрөн фонду менен камсыз кылуу жагынан үрөн сатып алууга 1,5 млрд сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, жеңилдетилген каржылоо боюнча пландар бар», - деди ал.
 
Каржы министри ошондой эле энергетикалык коопсуздук боюнча иштер уланып жатканын кошумчалады. 3 миллиард сомго жакын бюджеттик кредит бөлүнгөн.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter