У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров: Доллар, күйүүчү май, азык-түлүк кымбаттап жатат. Оор учурда биримдикте болушубуз керек

 
Коронавирус пандемиясынан кийин бардык өнүккөн өлкөлөрдүн экономикасы калыбына келе элек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
 
Анын айтымында, Орусия менен Украинанын ортосундагы согуштун кесепеттери жакынкы өлкөлөрдүн экономикасына терс таасирин тийгизүүдө.
 
«Бүгүнкү күндө соода-экономикалык мамилелер кейиштүү абалда. Биз кичинекей мамлекетпиз, бул согушка таасир эте албайбыз. Доллардын курсунун өсүп жатканын көрүп жатабыз, бензин кымбаттады, азык-түлүк кымбаттап жатат. Ушундай оор мезгилде тынчтык жана достук гана керек», - деди ал.
 
Президенттин айтымында, тышкы таасирди жумшартуу үчүн биримдикте жашоо керек.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter