У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкектин айрым районунда дагы эле суу жана жылуулук жок


Бүгүн парламенттин жыйынында бир катар депутаттар энергетика жана Экономика министрликтеринин электр жарыгынын өчүрүлүшү боюнча маалыматын угууну сунушташты.
 
Депутат Дастан Бекешев борбор калаанын айрым кичи райондорунда дагы эле ысык суу жана жылуулук жок экенин белгиледи.
 
«Айрым үйлөрдө муздак суу жок. Биз Энергетика министрлиги менен Экономика министрлигинин маалыматын угушубуз керек, өлкөгө кандай зыян келтирилди жана качан баарына суу, жылуулук берилет”, - деди Дастан Бекешев.
 
Белгилей кетсек, электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашына байланыштуу Кыргызстан бир күн мурун дээрлик бир нече саатка электр жарыгысыз калган. Электр жарыгы өчүрүлгөнүн Казакстан жана Өзбекстандан келген социалдык тармактардын колдонуучулары да билдиришкен. Учурда электр энергиясын этап-этабы менен калыбына келтирүү иштери уланууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter