У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде 70тей жүк ташыган унаа кезекте турат


 Бүгүнкү күндө "Ак-Тилек" өткөрмө бекетинде 13-январга карата 70тей жүк ташыган унаа кезекте турат. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы билдирди. 
 
Маалыматка ылайык, "Ак-Тилек" бекетиндеги автоунаалардын тыгыны 11-январда башталган. Чек ара кызматы буа майрамдардан кийинки жүк ташуунун көбөйгөнү жана Казакстандын аймагындагы текшерүү себеп болуп жатканын айтты. 
 
Ошондой эле Чек ара кызматы кыргыз тараптан оор жүк ташуучу транспорт каражаттарынын өтүшүнө эч кандай чектөөлөр жок экендигин кошумчалады.
 
Башка көзөмөл өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны катталган жок.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter