У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коӊшу мамлекеттерден электр энергиясын импорттоо убактылуу токтотулду


Коӊшу өлкөлөрдөн Кыргызстанга электр энергиясынын импортто убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Энергетика министри Доскул Бекмурзаев 15-ноябрда «Азаттык» радиосунун эфиринде билдирди. 
 
«Бүгүнкү күндө коңшу мамлекеттерибизде дагы чоң кем-карчылыктар бар. Жада калса Кытайда да электр энергиясынын тартыштыгы болуп жатат. Казакстан, Кытай, Тажикстан, Өзбекстанда чектөөлөр киргизилди. Биз чектөөлөрдү киргизген жокпуз. Жарык менен отуралы деп лимитти аргасыз киргиздик. Бүгүнкү күндө импорт токтоп турат, биз өзүбүздүн генерация менен иштеп атабыз. Анткени Өзбекстанда импорт келе турган линияда чаң аралашкан шамалдан улам авария болуп, жылытуу станцияларында ремонт жүрүп атат. Бул нерселер техникалык маселелер, аны саясатка аралаштырбашыбыз керек. Түркмөнстандан 1-августтан баштап электр энергиясын алып жатканбыз, авария болуп, учурда токтоп турат, бир-эки күндө калыбына келет. Элибиз түшүнүү менен кабыл алса дейт элем. Учурда коӊшу мамлекеттер менен, Россия менен байыма-бай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Аларга суу керек, бизге электр энергиясы керек», -деди министр. 
 
Эске салсак, Кыргызстан Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстандан электр энергиясын алып жаткан. 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter