У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тазабек Икрамов: «Кыргыз эли, жери Акылбек Жапаровдун менчиги эмес»


Бул тууралуу ЖКнын депутаты Тазабек Икрамов фейсбуктагы баракчасына жазды. 
 
«Акылбек Жапаров мырза!
Соц. тармактарда сиздин «Кыргызстандын 90%га жакын жарандары Россия федерациясына кошулууга кызыктар» деген пикириңиз жарыяланды. Мындай пикирди кайсы учурда, кайда айтканыңыз белгисиз. Ошентсе да, Кыргыз саясатында активдуу аралашкан адам, мамлекеттик кызматкер катары бул билдирүүңүз мамлекеттүүлүккө шек келтирип, Эгемен Кыргызстаныбыздын эркиндигин көз көрүнөө тебелеп жатат деп кескин сындайм. Миндеген жылдар Эгемендүүлүк үчүн канын, жанын курмандыкка чалып келген ата-бабаларыбыз мурастап келген Ала-Тообузга чыккынчылык кылганга барабар аракеттеги билдирүүңүз үчүн жалпы
Кыргызстандыктар алдында кечирим сурап, күнөөңүздү моюнга алат деп ишенем. 

Кыргыз эли, жери Акылбек Жапаровдун менчиги эмес! Алты миллиондон ашык Кыргызстандыктар сиздин пикирди колдобойт. ЖК депутаты Тазабек Икрамов»,-деп жазды ал. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter