У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эртең Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэри шайланат. Талапкерлердин тизмеси


Мэрлерди шайлоо Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында 26 -августта өтөт. Буга чейин Бишкек, Ош жана Токмок аймактык шайлоо комиссиялары шаарлардын мэрлигине талапкерлерди каттаган.
 
Бишкек шаарынын мэрлик кызматына талапкер — Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Жунушалиев Айбек Жанышбекович. Ал Министрлер кабинети жана Бишкек шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция тарабынан сунушталды.
 
Ош шаарынын мэрине талапкер — Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Мамбетов Алмаз Ишенбекович. Ал шаардык кеңештеги көпчүлүк «Аманат» коалициясынан сунушталды.
 
Токмок шаарына мэр болууга 2 талапкер катталган. Жогорку Кеңештин депутаты Самаев Урмат Обозбековичти «Бирге-Вместе», «Патриот Ынтымагы», «Эл Биримдиги» партияларынын көпчүлүк коалициясы сунуштады.
 
Кубатбек уулу Азат «Эмгек», «Асыл Мурас-Жаштары» фракциялары түзгөн азчылык коалициясы тарабынан көрсөтүлдү.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter