У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Таласта жетекчинин орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды


 Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Талас облустук администрациясынын башчысынын орун басарын 30 миң сом пара алып жаткан жеринен кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.
 
«Талас облустук администрациясынын башчысынын орун басары Т.К.Р. оң чечим кабыл алуу жана ишкердикти баштоого уруксат берүү үчүн жарандан 50 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган», - деп билдиришти башкармалыктан.
 
Пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Кармалган адам Ички иштер башкармалыгынын Талас облусу боюнча бөлүмүнө киргизилген.
 
Тергөө иштери уланууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter