У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Улуттук банктагы алтын резерви күн сайын 2 млн. долларга азайууда


Акыркы 5 айда алтын экспорту 3,8 тоннага кыскарган. Акчага айландыргында 180 миллион долларга азайган. Бул тууралуу Улуттук статком маалымдады. 

Башкача айтканда, 2021-жылдын январь-май айларандыа алтын экспорту 4 тонна 135,7 килограммды (234,7 миллион доллар) түзгөн. Өткөн жылы болсо 7 тонна 973,9 килограмм (413,3 миллион доллар) болгон.
 
Ал эми Улуттук банктагы алтын резерв болсо күн сайын 2 млн. долларга азайууда. Өткөн жылдын август айында Улуттук банктагы алтын резерви 3 милилард долларга жеткен. Ал эми быйыл июнь айында эле резерв 59,3 миллион долларга кыскарган. 

Апрель айынын аягында резерв 2 миллиард 784,4 миллион долларды түзсө, июнь айынын акырында 2 миллиард 725,1 миллион болуп азайган. Улттук банк өтө кооптуу учурга делип сакталып турган резервдин эмне себептен азайып жатканын түшүндүрө элек.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter