У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Июнь айында күйүүчү майдын баасы 2 сомго кымбатташы мүмкүн


Жыл башынан 1-июнга чейин бензин 13,7 сомго, ал эми дизелдик күйүүчү май 9,2ге кымбаттаганын Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.
 
Июнь айында Кыргызстанда күйүүчү майлар 4 пайызга кымбатташы мүмкүн деп болжолдошууда Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы.
 
Күйүүчү майдын кымбатташына дүйнө жүзү боюнча мунай заттын кымбатташы байкалып жатканы себеп болууда. 1-июнда Брент мунайынын баррелинин баасы болжол менен 69,46 долларды түздү.
 
Маалыматка ылайык, күйүүчү майларды дүң сатуу бааларынын өсүшү Россиянын мунай заттарынын базарында да байкалууда.
 
"Жогорудагы жагдайларды эске алуу менен, июнь айында Кыргызстандын күйүүчү майдан баасы 4 пайызга жогорулашы мүмкүн. Ошол эле учурда мунай сатуучулар баалардын өсүшүн көзөмөлдөөгө жана кескин өзгөрүүлөргө жол бербөө ниеттенишүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter