У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун тарапташтары бүгүн митингге чыгышат


Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун тарапташтары бүгүн, 1-июнда Улттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдына митингге чыгары айтылды.

Алар бул тууралуу 31-майдын түнүндө Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун алдына чогулганда билдиришти.
Митингден тышкары депутаттарды колдоочулардын элдик штабын түзүү да пландалууда.

Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров 31-июлга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалды.

Бул чечимди 31-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. УКМКнын маалыматына ылайык, депутаттарга Кумтөр кениндеги коррупциялык иштерге байланыштуу Жазык кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) негизинде айып тагылды.
Жээнбеков менен Зулпукаров 31-майда атайын кызматка сурак беришкен.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter