У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Акылбек Жапаров Аскар Акаевдин Кумтөр боюнча айткандарына жооп узатууда


Мурдагы президент Аскар Акаев "Кумтөргө" байланыштуу айыптоолор боюнча "биринчи күнөөкөр Акылбек Жапаров" деп атаган. 

"Жапаровдун максаты коомчулуктун пикирин 2009-жылдагы келишимден буруп, 2003-жылдагы келишимге басым коюшу керек болуп жатат. Себеби эмнеде? Себеби Жапаров "Кумтөрдүн" тегерегиндеги чоң адис, ал башынан эле экономист катары бардык комиссияларга катышып келген. Ал жерде Жапаровдун жеке кызыкчылыгы да болгон болушу керек. 2003-жылдагы комиссияда ошондо да мамлекеттик комиссия түзүлүп, андагы комиссиянын негизги мүчөсүнүн бири Жапаров болгон", - деген ал.

Акылбек Жапаров бул маалымат тууралуу бүгүн, 20-майда маалымат жыйын өткөрүп жатып, мурдагы президенттин айткандарына комментарий берди.

"Аскар Акаевдин айткандарын угуп ошол жылдары мен президент болгондой сезип кеттим. Биз 2009-жылкы келишимди коргогон жокпуз. 2009-жылы бизде кенди өзүбүзгө алып ала турган толук мүмкүнчүлүк бар болчу деп айттык. Аскар Акаевдин айткандарына комментарий бергеним туура эмес го. Ал улуу киши. Ал кишинин айткандарын угуп, ошол жылдары мен президент болгондой сезилип кетти", - дейт ал.



 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter