У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Көпөстөрдөн куралган «Эмгек» партиясы карапайым элдин көйгөйүн чечет деп ким кепилдик бере алат?..



«Шайлоо-шаңыр»

Биздин коом ɵтɵ саясатташып кеткени жашыруун эмес. Сүйлɵшɵ келген эки кишиңдин бири депутат болгусу келет, үч кишинин бири министр же бир тармакка жетекчи болгусу келет. Буга «тирүү мисал» кылып алдыда ɵтɵ турган Жергиликтүү кеңештин шайлоосун айтсак болот. Алыс кетип башка шаарларды эмес, Бишкек шаарындагы мандат талашты сɵз кылалы. 2021-жылдын 11-апрель күнү ɵтɵ турган Жеригиликтүү кеңештин шайлоосуна Бишкек Шаардык кеңештин 45 мандаты үчүн жалпы 25 партиядан 1820 талапкер аттанды. Ушул себептүү борборкалаабыз Бишкек шаарындагы үгүт иштери курч мүнɵздүү атаандашык менен ɵтүп жатат. Бир эле партияда 2-3 бир туугандардын же бир туугандын балдарын жүргɵнүн кɵрɵсүң. Маселен, Акуналы Досалиевдин уулу Эльмир Досалиев менен кызы Айкерим Досалиева Салымбековдордун «Эмгек» партиясында жүрɵт. Ал эми Салымбековдор «Эмгек» партиясынын 70%ын балдарынан баштап базардагы болгон командасы менен ээлептир…
Баарынан кызыгы Шаардык Кеңеште аты бар, заты жок эл тааныбаган азыркы депутаттардын 80%ы кайрадан Шаардык Кеңештин мандатын кɵксɵп ар башка партиянын тизмеси менен аламан жарышка чыкты. Алардын эң кɵбү «Эмгек» партиясында экенин билдик. Тактап айтканда Бишкек Шаардык Кеңеште азыркы тапта иштеп жаткан 45 депутаттын 8и так ушул «Эмгек» партиясынын тизмеси менен талапкер экен. Алар: Жаныбек Абиров, Жумабек Салымбеков, Сергей Шин, Базарбек Абдраев, Руслан Жакышов, Бактыбек Абдиев, Асель Пирматова жана Эльмир Досалиевдер бар. Бишкек Шаардык Кеңештин бул кɵпɵс депутаттары акыркы 5 жылда эмне иш кылганын ɵздɵрү деле билбейт. Же элдин таламын талашып жүргɵн бирɵɵсүн сиз кɵрɵ алдыңызбы? Шайлоо жакындаганда эле кɵрнɵк-жарнактан жайнап чыккандан уялышпайбы! Депутат болуп олтурган 5 жыл ичинде элдин абалын сураганга жарабаган эргулдар кайрадан депутат болуп бизнестерин коргоо үчүн келе жатканы айтпаса да белгилүү болуп турбайбы! Мындай кɵпɵстɵрдүн Шаардык Кеңешти тебелешине жол бербейли…

Эржигит Алманбетов

Булак:Де-Факто


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter