У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Март айында бензиндин баасы дагы 8 сомго кымбатташы мүмкүн


 Нефтетрейдерлер бензиндин баасы дагы 8 сомго кымбаттаарын божомолдошууда. Бул тууралуу Кыргызстан Нефтетрейдерлер Ассоциациясынын  аткаруучу директору Канат Эшатов маалымат жыйынында билдирди.
 
«Күйүүчү-майлоочу майдын баасы жума сайын өсүп жатат. Суроо абдан жогору. Россиянын базарында да тартыштык бар, ал жактан биз күйүүчү майды импорттойбуз. Мындан тышкары, Балтика өлкөлөрү Россиядан биздин чөлкөмдүн өлкөлөрүнө караганда кымбат сатып алышат. Ал жакка сатуу пайдалуу. Ошондуктан март айында бензин дагы 8 сомго кымбатташы мүмкүн”, - деди Канат Эшатов.
 
Анын пикиринде, күйүүчү-майлоочу майга бааны көтөрүү маселесин чечүү үчүн, өз заводдорун иштетип, чек арада аткезчиликке каршы күрөшүү керек.
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter