У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Акин Токталиев президент Садыр Жапаровду сотко берүү чечимин өзгөрттү


 
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы башчысы Акин Токталиев президент Садыр Жапаровду сотко берүү ниетинен баш тартты. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди. Анын айтымында, ал документтердин толук пакетин даярдап, өзүнүн ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо үчүн сотко кайрылууну каалаган. Бирок, ал экс-муфтий Рахматулла ажы Эгембердиевдин сүйлөшүүсүнүн жазуусу менен таанышкандан кийин, ал ниетинен баш тартты. 
 
Эгер аны каралоо токтобой турган болсо ал дагы бир жолу оюн өзгөртүп, сотко кайрыла алаарын айтты. 
 
Ошондой эле Акин Токталиев президент коррупционерлердин барымтасында калганын, алар Атамбаев менен Жээнбековдун түбүнө кандай жетишсе, Садыр Жапаровдун түбүнө да ошондой жетишээрин кошумчалады. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter