У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Аида Исмаилова суракка чакырылды


 
Мурунку вице-премьер-министр Аида Исмаилова Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына суракка чакырылды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев журналисттер менен жолугушууда билдирди.
 
Ага ылайык, коронавирус пандемиясы учурунда социалдык блокту жана саламаттыкты сактоону көзөмөлдөгөн бардык аткаминерлер суракка чакырылат. Мурдагы каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын да жоопкерчилиги каралып жатканы белгиленди.
 
«Пандемия маселеси эки бөлүккө бөлүнүп каралат- даярдануу жана күрөш. Гуманитардык жардам боюнча өзүнчө сотко чейинки жол-жобосу жүрүп жатат, тергөөчүлөрдүн жана ыкчам кызматкерлердин чоң тобу түзүлдү. Маселе жетекчиликтин көзөмөлүндө, азыр текшерүү жүрүп жатат. Аны бүткөндөн кийин күнөөлүүлөрдүн жоопкерчилигин карайбыз. Жыйынтыгы бир айдын ичинде - февралдын ортосуна чейин белгилүү болот деп ойлойм”, - деди Мамлекеттик күзөт кызматынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Рисбаев.
 
Эске сала кетсек, өлкөгө гуманитардык жардамды бөлүштүрүүгө мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин дагы тиешеси бар экени айтылган. Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дагы күбө катары чакырылган. 12-январда Финполго экс-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов дагы чакырылган.
 
Буга чейин вице-премьер -министр Элвира Сурабалиева пандемия учурунда айрым чиновниктер документтерди жашырып, бизнес жасашканын билдирген эле.

Булак: 24 кж


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter