У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Бишкек» ЭЭАнын мурунку башчысы Дүйшөн Ирсалиев коррупцияга шектелип кармалды


 УКМК «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башкы дирекциясы мамлекеттик мекемесинен акча каражаттарын алуу боюнча туруктуу коррупциялык схеманы аныктады. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
 
 
«Бишкек» Эркин экономикалык аймагынын башкы дирекциясынын жооптуу адамдары контролдоочу жеткирүүчүлөрдү тартуу менен товарларды жана кызматтарды мамлекеттик жана башка сатып алууларды уюштурууда көмүскө кирешелерди алуу боюнча туруктуу схеманы түзүшкөн.
 
Ошондой эле, «Бишкек» ЭЭАнын Башкы дирекциясынын каржылык ресурстарын сарамжалсыз пайдалануу фактылары аныкталган, алар негизсиз сатып алууларды жана чыгымдарды жүзөгө ашырууда айтылган.
 
Мындан тышкары, коррупциялык механизмди ишке ашыруу максатында Башкы башкармалыктын товарларды жана материалдык баалуулуктарды сатып алууга каралган жылдык бюджети 2016-жылдан 2020-жылга чейинки мезгил аралыгында «Бишкек» ЭЭА Башкы дирекциясынын мамлекеттик бюджетке 2% дан 0,02% га чейин бөлгөн каражатын кемитүү менен негизсиз ашырылып көрсөтүлгөн. 
 
Чогулган материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 2-ст. 319 «Коррупция» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды. 
 
6-январда «Бишкек» ЭЭА Башкы дирекциясынын мурдагы башкы директору Дүйшөн Ирсалиев жана аткаруучу директор Мирадил Бакашов кармалган.
 
Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter