У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Соттолгондор соттордон өч алуудабы?..


Текебаев айтмакчы эмне үчүн  азыркы сабатсыз башкаруучулар сот бийлигин тумчуктуруп баштады? Жакында эле Жогорку Соттун судьясы Камил Осмоналиев камакка алынса, эми Жогорку Соттун төрайымы Гулбара Калиева өзү камалганы калды. 

Бирөөлөр ойлошу мүмкүн, бул коррупцияга каршы күрөштүн алкагында аткарылып жаткан катардагы гана иштер деп... Алабарман бийлик башындагыларды жакшы билген адамдардын айтуусуна караганда, мурда соттолуп азыр бийлик баштарына келген (Жапаров, Ташиев, Мамытов) өздөрүнүн адвокаттары (Сатыев, Зулушев, Базарбеков) аркылуу соттордон өч алып жаткан кези экен. 

Билесиздерби, азыркы президенттик администрациянын аппарат башчысынын орун басары Медербек Сатиев менен азыркы Башкы прокурор Курманкул Зулушев эмне себептен Бишкек шаардык сотунун судьялык кызматтарынан кетишкенин? Алар,  ошол кезде бийликти басып алууга аракет жасашкан деп айыпталышкан Жапаров, Ташиев, Мамытовдорду актаган деген айып менен эмес, алардан 300 миң доллар акча алган деген кине менен судьялык кызматтарынан алынганы шардана айтылды эле го. Башкача айтканда, Соттордун тартип комиссиясынын сунушу менен президент кетирген эле. Кийин экөө тең Ташиевдин сунушу менен “Республика – Ата Журт” партиясынын курамында депутаттыка аттанышкан. 

Ал эми,  жакында гана Ак үйдүн сот укуктук бөлүмүн жетектегени барган Замирбек Базарбеков президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун эң жакын адамы экенин көпчүлүк биле бербейт. Жапаров парламентте сот укуктук комитетин жетектеп турганда, бул адам анын аркасы менен сотторду тандоо кеңешинин башчылыгына барган. Эки дос эриш аркак сотторду акчасына карап тандап жатканы билинип калып, кызматтарынан кол жууган. Эми ушул эргул Жогорку Соттун төрагалыгына барганы камданып жатканын уктук. 

Гулбара Калиеванын кызматтан алынышы же куугунтукка алынышы Жапаровдун интерпол аркылуу издөөдө жүрүп, былтыр Польшадан кармалып камакка алынган эжеси Райкүлдүн ишин каратпай  койгон имиш. Мынакей көрдүңөрбү, бүгүнкү күндө сот реформасы кандай иштеп жатканын? Садыр Жапаров үч бийликке сот бийлигин кошпой, атын атагысы келбей жатканын төркүнү кайда жатат? Сот реформасын соттолгондор колго алса, “каралар” укук коргоо органдарын реформалап калса, Жириновскийдин жинденгени туура эле болсо керек...


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter