У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Артём Новиков Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышты


Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин видеоконференция режиминде өткөн кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Өлкөлөр тарабынан болуп көрбөгөндөй чаралар жана чектөөлөр менен кабыл алынган аргасыз "кулпулоонун" кесепеттери бизди күч менен 4 даражадагы эркиндиктин чектелишине жана соода менен инвестициялардын олуттуу кыскарышына, ишкердүүлүктүн төмөндөшүнө жана өндүрүштүн төмөндөшүнө алып келет. Пандемиядан кийин дүйнө мурдагыдай болбой турганы айдан ачык, ошондуктан глобалдык жана ички чакырыктарга биздин мамилебиз учур талабын эске алуу менен оңдолушу керек.

Өнүгүүнү прогрессивдүү сценарий жана интеграцияны тереңдетүү боюнча жаңы чечимдерди иштеп чыгуу зарыл. Жакынкы 5 жылга интеграцияны өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктаган биримдиктин 2025-жылга чейинки стратегиясын ишке ашыруу ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук экономикасын чыңдап, бирликтин дүйнөлүк аренада кадыр-баркын көтөрүү менен эл аралык кызматташтыктын чектерин кеңейтет. Биргелешкен аракеттердин натыйжасында гана алдыга коюлган максаттарга жетип, дүйнөлүк кризистен чыгууга болот", - деди ал жыйында өз сөзүндө.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter